Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылган. Айыл өкмөтүнөн тургундар өз каалоолору менен көчөгө Бакиевдин ысымын ыйгарып алганын билдирген.
Бир нече сааттан кийин көчөгө ыйгарылган ысым алына турганы белгилүү болду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы SUPER.KG порталына айтып берди.
"Жергиликтүү эл Ноокен районундагы көчөлөрдүн бирине өз демилгелери менен Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгарып алышкан. Ал демилгени жергиликтүү бийлик колдогон эмес жана эч кандай айыл өкмөт тарабынан, жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн эмес. Райондун акимине дагы бул тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. Мындан тышкары, аталган ысым райондук, мамлекеттик каттоодон өткөн эмес жана каттоого дагы коюлган эмес. Мындан улам жергиликтүү райондук жана облустук бийлик аталган көчөгө мурдагы аталышты кайтаруу аракеттерин көрүп баштады. Келе жаткан дүйшөмбү күнү бул боюнча тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт", - деди басма сөз катчы Байгазы Раимкулов.
Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдыев бул боюнча төмөнкүдөй билдирүү жасады.
"Мыйзамсыз чыккан токтом артка кайтарылат. Бүгүн, 9-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарынан Ноокен районунун Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине мурунку президент Курманбек Бакиевдин ысымы коюлду деген маалымат тарады. Көчөгө Бакиевдин атын ыйгаруу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан мыйзамсыз токтом чыккан. Токтом мыйзамсыз болгондугуна байланыштуу артка кайтарылат. Бакиевдин ысымын ыйгаруу боюнча маалымат райондук жана облустук жетекчиликке өз убагында маалымдалган эмес. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга чара көрүлөт. Ал эми көчө башына орнотулган тактайча демонтаж болуп алынды", - деди ал.