ЭЛДИК КАБАР: "Чаткал дарыясында бир аптадан бери ылай суу агып жатат" дейт окурман

"Чаткал дарыясындагы суу бир аптадан бери ылай болуп агып жатат" деген билдирүүсүн окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жиберген. Анын айтымында, сууну алтын кенин казган ишкана булгап жатат.

"Дарыянын жээгинде алтын кенин казган бир канча ишканалар бар. Учурда кен казууну улантып жаткан "Optimum Trend" кытай ишканасы алтын жана башка металлды чайкайт. Саркынды суу дарыяга түшөт. Бир апта болду, суу ылай. Мындай көрүнүш быйыл үчүнчү ирет кайталанып жатат. "Optimum Trend" компаниясына кайрылсак, суу толтурулган канал кечинде жарылып кетти деген шылтоолорду айтып жатышат. Биз Чаткал эли кен казган ишканалардын ишине каршыбыз. Пайдасын кытайлар көрүп жатат, эл зыянын тартып жатат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Чаткал дарыясында бир аптадан бери ылай суу агып жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
PatriotKG01
2019-11-10 16:51:16
Жаап салгыла
+3
asash
2019-11-10 17:31:02
Безусловно, кенди жабыш керек, 80/20 пайызда иштетиш керек, болбосо кен жабылыш керек,азыр наборот 20 пайызга деле жетпесе керек Кыргызстандын пайдасы.
+3
Mamiev
2019-11-10 17:54:55
Бул кытай балее болду го карыз берип жерибиздин көп жерлерин иштетип. Же ошол жерлерди иштетип акысына карызды кутулбадык же пайдасын корбосок бул көк мээ чондор баштарын иштетпесе же патриот болбосо. Кандай айла бар экен а. Жанылык окуп кыжалат болосуң. Өздөрү жасабайт жасаган адамды жөн койбой камайт не деген акмак чондор биздин.
+4
akmanai
2019-11-11 14:03:20
Мен кичине кыз кезимде кытайдын техникалары алтын казып жатканын корчумун. Азыркы кунго чейин ондогон жылдар отсо да али токтошо элек. Чынында ичим ачышып ыйлагым келет. Алтынга бай Чаткалымдын алтынын сактап калам деп ким чыгаар экен. Жергиликтуу элдин кобу ошол алтын ондургон ыирмаларда 15 -20 000 айлык алганына суйунуп эле жашап журушот. Аттин. Ичин ачышат айлан жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан