Хоккей боюнча Кыргыз курама командасы кышкы Олимпиада оюндарына тандоо мелдешинин кийинки этабына өттү

Хоккей боюнча Улуттук курама командасы кышкы Олимпиада оюндарына тандоо мелдешинде ийгилик жаратып, кийинки оюндарга катышууга мүмкүнчүлүк алды. Мелдеш 8-ноябрдан 10-ноябрга чейин Люксембург өлкөсүндө орун алды.

Улуттук курама биринчи турда БАЭ менен кез келип 9:4 эсебинде жеңип алса, экинчи турда Люксембург менен беттеш өткөрүп, 5:3 эсеби менен жеңишке ээ болду.

Кышкы Олимпиада оюндарына тандап алуу мелдеши декабрь айында Румынияда өтөт. Анда хоккей боюнча Улуттук курама команда Румыния, Израиль жана Исландия менен оюн өткөрөт.

Кыргыз өлкөсүнүн курамы:

Дарбазачылар: Кадыр Алымбеков, Александр Петров;

Коргоочулар: Даниил Шушеньков, Адис Качкынбеков, Артур Аяпов, Артём Горобец, Александр Титов, Кузьма Терентьев, Эрсултан Мирбеков, Максим Егоров;

Чабуулчулар: Олег Колодин, Антон Кудашов, Уран Турсунбеков, Владимир Ничипуренко, Ажымухамед Улугбек уулу, Жанболот Тагаев, Михаил Чувалов, Владимир Носов, Андрей Тришкин, Владимир Тонких;

Башкы машыктыруучу: Павел Сазонов;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2019-11-11 14:34:39
молодцы жигиттер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан