Рахманжан айылындагы көчөдөн Курманбек Бакиевдин ысымы алынды

Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганы боюнча жазганбыз. Айыл өкмөтүнөн тургундар өз каалоолору менен көчөгө Бакиевдин ысымын ыйгарып алганын билдирген.
Көп өтпөй көчөгө ыйгарылган ысым алына турганын Кыргыз өлкөсүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы тастыктаган.

Бүгүн, 11-ноябрда аталган көчөдөн Курманбек Бакиевдин ысымы алынганын Ноокен районунун айыл өкмөтүнүн башчысы Жакшылык Эгембердиев айтты.

Айтымында, учурда аталган көчөгө жаңы ысымдар сунушталып жатат.

"Рахманжан айылындагы аталган көчөгө ыйгарылган мурунку президент Курманбек Бакиевдин ысымы алынды. Көчөгө ыйгарылган ысым массалык маалымат каражаттарына маалымат таратылганда эле алынган. Учурда аталган окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө. Буюрса, көчө башка атка өзгөртүлөт. Анткени көчөнүн пайдубалы жаңыдан курулуп жаткандыктан, мурун аты жок болчу. Азыр аталган көчөгө башка ысымдар сунушталууда", - деди Жакшылык Эгембердиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bekbol2006
2019-11-11 18:31:41
Силер кункарамасынар. Эгер Бакиев келсе анын к.... Жалайсынар
+5
Shabi
2019-11-11 18:48:44
bekbol2006,туура айтасын,буларга Бакиев келсе,кайран Курманбек акалары, туолетке без бумага эле барып калат го.
0
shankol88
2019-11-11 18:34:20
Чыын жөн еле койбоптур,Не болсода кыргыз каяктагы кытай пытайлардын атын койгончо
Кыргызгоо
0
altyn-kumush
2019-11-11 18:44:05
Рахманжандыктар оз башымчалыкты койгула! Бутундой кыргыз эли каршы Бакиевге
-2
urmat94
2019-11-11 21:48:45
altyn-kumush,сен озуно жооп бер бутундой эл деп ьаарынын атынан жооп бербе мен Бакиевди колдойм ал президент болуп турганда элдин жашоо шарты 50,60 % жакшырган
+2
Erik2018
2019-11-11 19:06:26
канкор 89 баланы аткан адамды герой кылгандар маңкурт экенсинер
-1
urmat94
2019-11-11 21:50:48
Erik2018, герой эле
0
yrmat88
2019-11-11 19:15:13
Бакиев элге ок чыгарган. Канча деген адмдарды өлтүрткөн. Максим Бакиевдин кылыгын айтпай эле коелу. Ошонун барын билип туруп эмне үчүн көчөгө коесуңар. Бети калыңдар жүрө бергиле. Бакиевдин учурунда заказ аркылуу далай саясатычылар өлтүрүлгөн.
0
bekmaral
2019-11-11 20:33:11
Бир кун келет.Кайрадан ушул кочого Бакиевдин атын кайра койсо керек.
+3
bond02
2019-11-11 21:23:18
Уят да э, президент болбосо да адам катары сыйлабайсынарбы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан