13-ноябрга караган түнү Ош улуттук драма театрынын актрисасы Нурила Алимбаева узакка созулган оорудан улам 41 жашында каза болду. Бул кабарды ырчы, актриса Венера Назаралиева SUPER.KG порталына тастыктады.
"Нурила менен 2001-жылдан бери Ош улуттук драма театрында чогуу иштедик. Ал театрдын көзгө басар, белдүү актрисаларынын бири эле. Нурила эки жыл мурун тун кызын төрөгөн эле. Төрөттөн кийин залалдуу шишик дарты козголгонун уктум. Нурилага бир жума мурун эле телефон чалып, "ооруп жатыптырсың, барайын дегем" десем, "Ким айтты ооруп жатат деп?! Абалым жакшы эле. Дарыланып жатам" деп оорусун жашырып койгон экен. Сүйлөшкөндөн кийин түшүмө кирди. Түшүмдө каза болуп калган экен. "Өмүрү узун болот экен" деп жооруп койгом. Бүгүн эртең менен турсам, кесиптештерим чуу түшүп калышыптыр. Аябай жаман болдук.
Нурила "Арман", "Аялдык бакыт" жана башка тасмаларда роль жараткан. Экөөбүз спектаклде терс каармандарды ойночубуз. Жүзү терс каармандыкына мүнөздүү болгондуктан, ага ошондой ролду бере беришчү. А бирок ал өзү башкача аял эле... Абдан боорукер, ак көңүл, ашыкча берешен жан болчу", - деп эскерди Венера Назаралиева.