Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан кетти. Маалыматты өзү SUPER.KG порталына тастыктап, буларды билдирди.
"Мен өз ыктыярым менен кызматтан кеттим. Эч кимдин тиешеси жок. Мен ал жерде жакшы адамдар менен иштедим. Бирок мен чындыкты айтып койсом, кесиптештерим саясий жагынан мага аябай көп жаман сөздөрдү айтып ийишти. Мен мамлекет үчүн, мекен үчүн иштей берем. Мага үч жолу ушунчалык ишеним беришти бул мен үчүн бакыт", - деди ал.
Жыпар Жекшеев 2019-жылдын июнь айында КТРКнын Байкоочу кеңешине төрага болуп шайланган.