Депутат Жанар Акаев педагогикалык факультеттердин студенттеринин стипендиясын жогорулатууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мугалимдердин айлыгы көбөйдү. Аймактардагы мектептерде мугалим жетишсизидигин чечүү, аларга колдоо көрсөтүү максатында педагогикалык факультеттердин студенттеринин стипендиясын жогорулатуу керек. Алардын стипендиясын 30 пайызга көтөрүү зарыл. Адистер менен эсептеп көрсөк, жылына болгону 9 млн сомдун тегерегиндеги каражат кетет экен", - деди депутат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул жакшы сунуш экенин айтып, маселени карап чыга турганын айтты.