Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Футбол боюнча Кыргыз-Япония курама командаларынын беттеши өткөнү турат.
Буга байланыштуу эски аянтта күйөрмандарга концерттик шоу программа тартууланып жатат. Концерттик программаны ырчы Айдана Деканын "Дека дэнс" бий тобу ачты. Мындан сырткары, бир катар эстрада ырчылары футбол күйөрмандарына музыкалык шаң тартуулоо үчүн келишкен.
Аянтка топтолгон адамдардын саны болжол менен үч жүзгө жетти. Алар жылуу маанайда кыраан кыйкырык, шаңдуу кол чабуулар менен кыргыз курамасына күйөрмандык кылып жатышат. Кыргыз футболчуларын колдоп келгендердин бири Бааркан Молдоканова, ал 63 жашта. Бааркан апа кыргыз курама командасы утат деп ишенимдүү айтты.
"Кыргыз футболчулары утат. Мен буга катуу ишенип турам. Атайын аларга бата тилеп, Военно-Антоновка айылынан келдим. Негизгиси ойноп жаткан балдарыбызга Жаратканым ден соолук берсин. Алардын ден соолугу болсо, жеңиш дайыма биз тарапта болот. Анткени биз балдарыбыздын ийгилиги менен гана дүйнө жүзүнө тааныла алабыз", - деди ал.