Кыргыз жигити дүйнөлүк мырзалар сынагынан байгелүү кайтты

6-13-ноябрь күндөрү Япониянын Токио шаарында өткөрүлгөн "Mister Universal Ambassador" мырзалар сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Насыр Тургунбаев катышып, байгелүү кайтты. Бул тууралуу моделдик агенттиктин негиздөөчүсү Алим Серебров билдирди.

"Кыргыз өлкөсү Токиодо өткөрүлгөн сынактан 3-орунга жетишти. Кыргыздын тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк сынактан мекендешибиз байгелүү келип жатат. Дүйнөнүн булуң-бурчунан мыкты делген мырзалар катышкан сынактан 1-орунду Греция, 2-орунду Филиппины, 3-орунду Кыргыз өлкөсү алды. Жеңишибиз биздин деңгээлибизди бир баскычка көтөрдү. Буюрса, эмки жылы 1-орунду алганга аракет кылабыз", - дейт Алим Серебров.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө жыл сайын өтүүчү келбеттүү, келишимдүү мырзалар арасында "Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan" деген сынактын жеңүүчүсү катары 21 жаштагы Насыр Тургунбаев жогорудагы сынакка жиберилгени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nurda00
2019-11-14 21:03:18
Эми эмне дейбиз.. МОЛОДЕЦ...
Эмкиде АЙСУЛУУ барып биринчиликти алып келет токиодон!!!
+7
aminali
2019-11-14 21:40:49
3 орун биз учун 1 орундай , азаматсын!!!
+5
555-777
2019-11-14 22:00:07
Бул жигиттердин баары эле беркилерден окшойт, т,е, равшан жээнбековтордун партиясынан дегеним).
+4
toktor89
2019-11-15 00:48:32
555-777,
Ойго да келет экен бирди жесе болду да 3.орунду алат
0
Aidar.001
2019-11-14 22:24:12
Ар жерин корсотуп 3чу оорунду алгандан коро, мушташып акыркы оорунду алса да кубанмак элем мен
+6
Wibee
2019-11-14 22:25:31
Красавчик
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан