Бүгүн, 14-ноябрда футбол боюнча Кыргыз-Япония беттеши өттү. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, ал жакка батпай калган күйөрмандар эски аянтка чогулду. Фан-зонага күйөрмандык кылып келген элдин саны болжол менен миңге чукулдады. Эски аянтка "Ак шумкарларга" күйөрмандык кылып, эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев дагы келген. Ал эл топтолордун алдында SUPER.KG порталына кыскача маек берип, кубанычтуу эмоциялары менен бөлүштү.
“Албетте, ар бирибизде биздин команда утат деген көкүрөктө ишеним күч. Негизи Япония дүйнөлүк деңгээлде ойноп жүргөн команда, бирок ага карабай, биздин оюнчуларга ишенем. Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретип, намысы үчүн катуу турган жигиттерге күйөрмандык кылам, албетте! Мен кыргыз футбол күйөрмандарына "Көк бөрү" чыгармасын аткарып, биздин оюнчуларды сүрөп турам", - деди Примбердиев.
Кызуу кыйкырык, алга сүрөө менен коштолгон оюн 2:0 эсебинде Япониянын жеңиши менен аяктады.
Футбол боюнча кыргыз курамасынын аянтка чогулган күйөрмандарынын арасында “Ак шумкарларга” ыраазы болгондору дагы, нааразы болгондору дагы болду. Көрөрмандардын кээ бири Япония менен ойноонун өзү жеңиш десе, кээ бири оюнчуларга нааразы экенин билдиришти.
Биринчи тарап “Кыргыз курамасында дарбазага гол киргизүүгө толук мүмкүнчүлүк болду, бирок оюнчулар мүмкүнчүлүктү колдоно алышкан жок”, - десе, экинчи тарап “Япония дүйнөлүк деңгээлдеги күчтүү команда, алар менен ойноонун өзү жеңиш”, - деп комментарий беришти.