Кыргыз балет искусствосунун залкары Чолпонбек Базарбаевдин небереси Канат Надырбек уулуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. Мындан тышкары, анын жубайы Ирина Сапожниковага Ардак грамота тапшырылды. Сыйлыктарды өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өзү тапшырганын президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлады.
Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, Сооронбай Жээнбеков бул алардын көп жылдык талыкпас эмгектеринин натыйжасы экендигин өзгөчө белгиледи.
Сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктарга жигердүү катышкандыктары үчүн тапшырылды. Буга чейин Канат Надырбек уулу жана Ирина Сапожникова өлкөдө жок болгондуктан, маданият ишмерлерине сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасына катышкан эмес.
Бул жолу алар СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган "Балет, балет…" аталышындагы балет искусствосунун эл аралык фестивалына катышуу үчүн Кыргыз жергесине келишкен.
Президент артисттерди үйлөнүшү менен куттуктап, бактылуу үй-бүлөлүк жашоо каалады.
Канат Надырбек уулу ушул жылдын 9-июнунда Ирина Сапожникова менен баш кошкон.