14-ноябрда кыргыз футболунда тарыхый окуя болду. Бишкекте Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Азиянын 4 жолку чемпиону Япония менен Кыргыз өлкөсү беттешип, оюн 2:0 эсебинде аяктады.
Кыргыз өлкөсүнүн курамынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Япония күчтүү атаандаш экенин айтат.
"Жигиттер жакшы деңгээлде оюн көргөзүштү, эми алардын деңгээли көтөрүлөрү анык. Оюнда күчтүү атаандаштардын болгону ар дайым алдыга умтуулуга түрткү болот.
Оюндун биринчи мүнөтүнөн баштап жигиттер ишенимдүү беттешти. Япониянын курамасы сыяктуу эле бизде деле бирдей мүмкүнчүлүктөр болуп жатты. Оюнда боло берет, алар өздөрүнүн голун киргизишти, биз гол киргизе албадык. Мелдеш учурунда атаандаштарыбыз дагы, биз дагы катачылык кетирдик. Бирок оюндун деңгээли жакшы болду", - деди ал.