Катар-2022: Кыргыз өлкөсү 5-турдук оюндардан кийин тайпада 2-орунда келе жатат

14-ноябрда Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын 5-турдук беттештери орун алды. Анда F тайпасында Кыргыз курама командасы Бишкекте Япония менен ойносо, Мьянма Тажикстанды кабыл алган.

Кыргыз футболчулары Японияга 0:2 эсебинде жеңилди. Мьянма өз үйүндө Тажикстанды 4:3 эсебинде утуп алды.

Бул жыйынтык менен Япония тайпада 12 упай топтоду. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстанда 6 упайдан, Мьянма менен Монголияда үчтөн упай бар.

F тайпасы

1. Япония 12 упай

2. Кыргыз өлкөсү 6 упай

3. Тажикстан 6 упай

4. Монголия 3 упай

5. Мьянма 3 упай

19-ноябрда Кыргыз өлкөсү Бишкекте Тажикстанды кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elmira.
2019-11-15 10:15:08
Жакшы эле ,ийгилик гана болсун !
+1
TalaCSKA
2019-11-15 10:29:31
Башка группаларда жагдай кандай ошону да жазсанар.2 место менен кийинки этапка чыкканга Кыргызстандын мумкунчулу туралуу ! негизи эле спорт кабарчынарды алмаштыргылачы же спорт жонундо такыр эле жазбай эле койгулачы!
+4
Eka.kg
2019-11-15 10:48:20
TalaCSKA,Ушул жакта толук маалымат.
https://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=66367&pid=3837937&st=860
0
Dembele84
2019-11-15 10:34:39
Тажиктерди женбесек иш чатак
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан