Бишкекте №238 жана №171 маршруттук каттамдар мэриянын карамагына өттү

Бишкектеги №238, №171 маршруттук каттамдар мэриянын карамагына өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Ага ылайык, муниципалитетке өткөн кичи автобустарга Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы көзөмөл жүргүзөт.

"Аталган бустарда "М" деген белги болот. Демек, булар муниципалитет тарабынан тейленип жатат дегенди түшүндүрөт. Өз кезегинде мэрия бул кичи автобустардын айдоочуларына ыңгайлуу иштөө графигин түзүп берет. Ал эми жүргүнчүлөр үчүн коопсуз каттам камсыздандырылат. Себеби кичи автобустар ар дайым техникалык кароодон өтүп турушат. Мындан тышкары, алардын иши Кыргыз өлкөсүнүн укуктук-нормативдик актылардын негизинде жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, мэрия маршруттук каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча эски системди жакшыртуу үчүн кичи автобустарды мэрия менен кызматташууга чакырып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
loveless
2019-11-15 11:15:49
Туура жазгыла супер.Катанар бар экен тапсанар ондоп койгула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан