Бишкекте 60 жаштагы жаранды аёосуз сабаганга шектелип жаткан жаранга издөө жарыяланды

Бишкекте 60 жаштагы жаранды аёосуз сабаганга шектелип жаткан Мирмухамбет Ишембековго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мирмухамбет Ишембеков 1991-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Айрым маалыматтарга караганда, Ишембеков ички иштер органында иштеп кеткен. Бул боюнча учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Учурда Бишкек ШИИББи издөө иштерин улантып жатышат.

30-октябрда Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган 60 жаштагы Каныбек Ботокановду белгисиз жарандар аёосуз сабаган видео тараган. Ленин РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен каттаган. Ботоканов Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Bars88
2019-11-17 10:07:56
Атын жашаган жерин баарын билишет экен,буга чейин эшек такалап журуштубу
+12
Qwer007
2019-11-17 10:43:40
Bars88, бизде акчалууларга ошондой мыйзам бар. Ал чек араны ашканга чейин эч кандай издоо жок деген
+14
Qwer007
2019-11-17 10:42:19
Дагы кичине куто турушбаптырда Россияга барып, квартира таап , жумушка орношуп алгыча
+7
Nourlan
2019-11-17 11:12:33
Аты шумдук го.
+4
katerina.li
2019-11-17 11:54:12
Ой ал милиция экенго,интернетте суроту журот милицейская форма менен тушкон,озу юрид.академияны бутуптур
+3
katerina.li
2019-11-17 11:56:45
Олтуро сабаса деле бейбаштык деп статья кыла береби?? Бейбаштык деп футбол ойноп атып,бироонун терезесинин айнегин топ менен тээп талкалап алсан,ошол бейбаштык болот. Мында чала жан кылып сабап салыптыр го атасындай кишини. Акмак дегенден башка созум жок
+8
Losw
2019-11-17 13:06:42
Сокенин тушунда мыйзам карапайым элге гана иштейт... Калгандарына иштебейт....
+3
bond02
2019-11-17 15:09:40
Договорду бузган окшойт э, андан бери канча убакыт отту.
+7
aza84
2019-11-17 15:54:32
Турмого чиритиш керек мындай шакалдарды
+6
Nestana95
2019-11-18 07:12:42
Аа кокуй, милиция менин коргоочум отот мектепте окуучуларга,, милициян м.н куруп кал мамлекет!!!
+2
KG_7755
2019-11-19 09:49:25
Мындай айбандарды таап, кармап каттуу жазага тартуу керек. Тилеке каршы жаштардын арасында мерез, таш боор, шакалдар көбөйүп бараткандыгы өкүндүрөт. Улууну сыйлоо, адамга адамча мамиле жасоо көпчүлүк адамдарда жок. Заманга шылтабай ар бирибиздин жүрөгүбүздө бекем ыйман болмоюнча, мындай айбандык көрүнүштөр токтобойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан