ЭЛДИК КАБАР: "Базар-Коргон айылындагы бала бакчада балдарга берилген тамактан курт чыкты" дейт окурман

"Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон айылындагы бала бакчада балдардын тамагынан курттар чыкты" деген билдирүүсүн окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жиберди. Окурмандын айтымында, балдар ичип жаткан тамактын ичинен кара түстөгү курттар чыккан.

"Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылдык аймагындагы "Чолпон" мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбияланып жаткан балдардын тамагынан курттар чыкты. Бул биринчи жолу эмес, кайра-кайра кайталанып жаткан көрүнүш. Бирок ата-энелер "балдарыбызды албай коёт, бала бакчадан чыгарып салат" деп коркуп башкармалыкка эч нерсе дебей жүрүшкөн. Ал эми жетекчиликке кайрылгандарга мындан ары тамактан курттар чыкпайт, мындай көрүнүш кайталанбайт деген. Бирок дагы деле ошол көрүнүш уланып жатат.

Балдардын тамактануусу өтө начар, тамакка такыр эт кошушпайт. Жаңы келген тиричилик техникаларын дагы колдонбой коюп коюшкан. Буга байланыштуу бала бакчанын жетекчисинин жумуштан кетүүсүн талап кылып жатабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza84
2019-11-19 19:54:11
Тамагын бала менен кошо садике барып текшердинерби
0
Nevestkaa
2019-11-20 01:34:34
Пияздын эле күйгөнү эмеспи сүрөттөгү?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан