Англиялыктарга белгисиз бирөө 5 жылдан бери баштыкка салынган акча калтырып жатат

Англиялык Дарем графтыгынын полициясы 5 жылдан бери Блэкхолл-Кольери айылынын тургундары таап жаткан акча салынган баштыктын ээсин таба албай убара. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Алгачкы жолу мындай сырдуу окуя 2014-жылы катталган. Андан бери 12 ирет акча салынган баштык табылып, анын төртөө быйыл табылды. Баштыктарды атайын байкаш үчүн көрүнүктүү жерге калтырышары маалым. Баштыкта ар дайым 2000 фунт-стерлингдин тегерегинде (болжолдуу 180 000 миң сом) акча болот. Тургундар тапкан баштыкты полицияга алып барышат. Бирок аны издеген адам чыкпаган соң, полиция тапкандарга сыйлык катары кайтарып берет.

Полиция кызматкерлери жашоочуларды, мекемелерди, банктарды сураштырып, иликтешип да акчаны ким калтырып жатканын аныктай алышкан эмес. Алардын пикиринде, акча салынган баштыкты бирөө атайын жергиликтүү тургундарга жардам катары жөнөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kyrgyz-jigit.com
2019-11-20 18:12:22
2000 фунт-стерлинг
биздин сомго канча болот жазып койсонор биро белесипет алса деле иликтеп жазган ушуга келгенде...
-8
Jango
2019-11-20 18:34:54
Kyrgyz-jigit.com,178000сом болот
+3
AksyKum
2019-11-20 18:14:05
Менин дарегимида берип койгулачы
+8
Jango
2019-11-20 18:35:42
AksyKum эске алабыз сиздин дарегинизди
+6
Jelezo
2019-11-20 18:36:07
Мусульман адам болушу мүмкүн зекетин ошентип берип жатса керек.
+6
Wibee
2019-11-20 23:44:18
Jelezo,Келесоосунго!Зекетти жашырып береби? Эгер берсе,Жакыр мусулман өлкөлөрүнө бербейби?
0
Romantik.
2019-11-20 18:47:14
Орел решки окшойт,
-1
Azat.1996
2019-11-20 19:19:06
Жоок, бизге таштабай эле койсун. Бизге эгер ушинтип таштап кетсе Менттер өздөрү жыргап бөлүп алышат, ээсин издемек тургай. Ээси ким экенин билишсе да, билмексенге салышып...
+11
Saiit
2019-11-20 19:52:24
Мусулман бай адамдар ушинтип зекет берет имиш!!
+3
munduz2016
2019-11-20 22:34:14
Полициялары ток экен кайра берип. Биздеги? ))))
+3
urmat94
2019-11-21 00:59:32
munduz2016,бизде полиция элге эмес,эл полицияга бербесе керек деп ойлойм ))
+4
Samatalibei
2019-11-21 09:34:03
Биздин полиция ээси чыкпаса оздоруно сыйлык кылып алышат!
+2
assr
2019-11-21 16:28:02
ушу биздин деп эле жазганынар туура эмес негизичи бизге салыштырбай койсонор жакшы болмок ириген ооздон чириген соз чыгат дегендей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан