Окуучу кыздын көтөрүп чыккан маселесине карата депутаттардын күлгөнү социалдык тармактарда катуу сынга алынууда. Окуучу сүйлөп жатканда депутаттар кол чаап, күлүп жибергенин видеодон угууга болот. Ал эми окуучу мындай реакциядан кийин сөзүн жыйынтыктай албай, көзүнө жаш алган.
Белгилүү болгондой, видео кечээ, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште тартылган. Анда Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата жана Бириккен Улуттар Уюмунун "Балдардын укугунун конвенциясынын" кабыл алынганына 30 жыл болгонун утурлай Жогорку Кеңештин депутаттары мектеп окуучулары менен жолугушкан.
Жолугушууда депутаттардын орундуктарында окуучулар, ал эми саясатчылар четтеги орундуктарга отурушкан. Өлкөнүн ар кайсы облусунан келген 8 жаштан 16 жашка чейинки окуучулар бир катар маселелерди көтөрүп, депутаттарга суроо салган. Алардын арасынан борбордогу №87 мектебинин окуучусу сөз сүйлөп, 2 миңдей окуучуну 1 медайым карай турганын, эмдөө башталганда акча сурай турганын билдирген. Окуучунун сөзү күлкү жана кол чабуулар менен коштолгон.