Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия чыгарган бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирет.

Документке комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшкан. Комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген.

29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан