"Манас" аэропортундагы унаанын багажынан табылган таксисттин өлүмүнө тиешеси бар шектүүгө издөө жарыяланды

Ички иштер министрлиги "Манас" эл аралык аэропортунда унаанын багажынан табылган таксисттин өлүмүнө тиешеси бар шектүү жаранга издөө жарыялады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Бул кылмышка тиешеси бар Мамарасул уулу Акжол изделип жатат. Ал 1991-жылы туулган Ош шаарынын тургуну. Ал буга чейин бейбаштык, каракчылык жана мүлктү атайын жок кылуу фактылары боюнча соттолгон.

Буга чейин бул окуяга шектелип мурун соттолгон Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Б.Ч. жана Ош облусунун 32 жаштагы тургуну И.А. кармалган. Кармалгандардан 100 миң доллардан ашык акча табылган.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aza84
2019-11-21 21:36:40
Кармалсын
+3
Nazar76
2019-11-21 22:52:09
Кармап каттуу жазага тартыш керек мындайларды
+2
tular
2019-11-22 01:11:50
Булар Айэркен Саймаитинин курьерин өлтүргөндөр го. Бирок ошол жоголгон акчалар мамлекетке кайтарылсын. Акчанын ээсин да жоопко тартуу керек, эмнеге накталай эмес Оштон Бишкекке жөнөткөн эмес ошончо акчаны? Ал акча коррупциялык жол менен өндүрүлгөн же салык төлөнгөн эмес, же ошончо акча террорчулардын колуна тийсе теракт уюуштуруу максатында болгон.
+1
tular
2019-11-22 01:13:45
Акчанын ээсин издегилечи, мынча акча кайдан пайда боло калды...
+1
tular
2019-11-22 01:14:23
Бул акчалар Кыргыз элинин ырыскысы болуп жүрбөсүн?!
0
Aidar.001
2019-11-22 01:36:55
Ушуга окшогон кылмышкерлердин айынан менин да уй -булоом бала, чакам озубуздун мекенибизде жашай албай журобуз! ,Элибизге, жерибизге ыймандуулукту жана адамкерчиликти таратсын ЖАРАТКАН! !
0
kyrgyz.93
2019-11-22 13:14:04
Качып кеттида бул шүмшүк бир ай болуп жатат бул жаңылыкка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан