ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Суу районундагы базардын жанына курулган жер астындагы өтмөккө эл нааразы" дейт окурман

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы базардын жанына жер астындагы өтмөк курулган. Бирок тургундар буга нааразы болушууда. Мындай пикирин "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман жиберди. Ал жер астындагы өтмөктүн курулганына бир аптадай болгонун айтат.

"Кара-Суудагы базардын ичине кириш үчүн 1 чакырымдай аралыкты басып өтүүгө туура келет. Мурда базарга жакын жерден кирип кеткенге өтмөктөр бар болчу. Жер астындагы өтмөк курулгандан кийин ал өтмөктөрдү жаап, жолдун эки тарабын тең тосуп салышты. Жолдун аркы бетине өтүш үчүн узак жолду басууга туура келет. Эл жүдөп жатат. Нааразы экенибизди билдирип чыкканыбызда айыл өкмөтүнөн өкүл келип, жолдун боюндагы тосмолор алынбай турганын, мыйзамдуу түрдө тосулганын айтты", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Кара-Суу районунда жолдун эки тарабын тосуп салышты", - дейт окурман
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
fak
2019-11-22 14:22:30
Алыс болсо да озунордун омурунор коопсуз болуп жатпайбы.
+5
Taalajbekakkya
2019-11-22 14:42:32
Баш аламанга конуп калышкан,кимдин соода контейнеринен жол алыс болуп калса Эми нааразы Боло беришет.
+2
katerina.li
2019-11-22 16:35:59
Ар кайсы жерден отуп конуп калышкан да. Былтыр таласка барып тан калгам. Эл такыр эле светофор ду карашпайт экен. Мал откондой болуп эле ото беришет эекн,жашы деле,карысы деле
+2
asman.81
2019-11-23 11:56:55
Туура жазылган,жолго тетири жасап,баарына кыйын бп атат,жургунчулорго да ынгайсыз болуп
0
vorkuta11
2019-11-23 13:27:42
Тоскону жакшы болду койго окшоп Машина нын алдынан чыга келет эле адамдар. Тоскону мостун ачылганы туура болду.
0
Belek1710
2019-11-25 22:08:20
Тартип болуш керек, өтө эле башаламан болчу, туура эле кылышыптыр, үйрөнүшөт эл!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан