"Манас" аэропортунан башка адамдын паспорту менен өлкөгө кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн чек арачылар тарабынан Стамбул-Бишкек багыты менен келген жүргүнчүлөрдү текшерүү маалында 1997-жылы туулган Р. к. М. аттуу Кыргыз жараны кармалган. Текшерүү учурунда ал берген паспорт башка жаранга таандык экендиги аныкталган. Бул факты боюнча тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран УКМКнын аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.