Эң популярдуу "Victoria's Secret" шоусунун көргөзмөсү кризистен улам берүүсүн токтотту

Укмуш шоу менен коштолгон айтылуу "Victoria's Secret" ич кийимдер мода көргөзмөсү мындан ары көрсөтүлбөйт. Бул тууралу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алгач шоунун токтотулары жөнүндө модель Шанина Шейк быйыл июлда айтып чыккан. Төрт ай өткөн соң "Victoria's Secret" брендин жетектеген "L Brands" компаниясы маалыматты расмий түрдө тастыктады. Компаниянын каржы директору Стюарт Бургдорфер "Биз мындан ары кардарлар менен иштеше беребиз. Бирок мындай масштабдагы көрсөтүү болбойт" деген билдирүү таратты. Ошондой эле ал шоу кезинде абдан популярдуу, ийгиликтүү болгону менен товардын өтүмдүүлүгү өспөгөндүгүн билдирген.

Эске салсак, "Victoria's Secret Fashion Show" берүүсү алгач 1995-жылы Нью-Йорктогу мейманкалардын биринде өткөн. 23 жыл аралыгында Хайди Клум, Жизель Бундхен, Наоми Кэмпбелл, Миранда Керр, Тайру Бэнкс, Ирина Шейк жана башка белгилүү дүйнөлүк моделдер ич кийим мода көргөзмөсүнө катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
boston___
2019-11-22 18:45:09
Ирина красавица
+1
talant87
2019-11-22 22:28:51
Бироо кылмыш кылса бетин бекитесинер а буларды ачык эле тендик жооккоо силерде админ
0
Tynar1213
2019-11-23 18:31:37
talant87,кылмышкер кылмышты жашыруун кылат булар өздөрү ачык жүрсө ачык көрсөтөт да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан