Кыргыз улуттук курама команданын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт Бангладеш өлкөсүнүн командасына өттү.
33 жаштагы футболчу "Дакка Абахани" командасы менен келишим түздү. Буга чейин Бернхардт Малайзиянын "Кедах" клубунда ойноп, аны менен өлкө Кубогунун финалына чейин жеткен.
Бернхардт Кыргыз курама командасында хет-трик жасаган экинчи футболчу.