Токтогул районунун Торкен айылында 1-класстын окуучусу катуу сабалган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирет.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 15-ноябрда болгон. Учурда сабалган бала Бишкекте дарыланып жатат.
"Аталган факты боюнча Жоруктар кодексинин "уруп-сабоо" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.