Нарында үй өрттөнүп, бир адам каза тапты

Нарында бир үй өрттөнүп, анын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда өрт тууралуу 23-ноябрдан 24-ноябрга караган түнү маалымат келип түшкөн. "Ленин көчөсүндөгү 40 чарчы метрлик каралбай калган үй өрттөнүп, бир адам каза болду. Өрт толугу менен саат 05:40те өчүрүлгөн", - деп билдирди аталган кызматтан.

Каза болгон жарандын аты-жөнү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mintip-menu-suybo
2019-11-24 21:41:20
Каралбай калган уйдо бир адам не кылып журот... Аны олтуруп , ошол уйго алып барып таштап анан уйду орттоп таштады да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан