Казак актёру Тауекел Мусилим үйлөнгөнүн айтты

Интернет желесинде казакстандык белгилүү актёр Тауекел Мусилим үйлөнгөн деген маалыматтар тараган. Буга актёрдун ак жоолук салынган бийкеч менен түшкөн сүрөтү себеп болгон. Тагыраагы, сүрөттө актёр колуна күбөлүк кармап турган. Бул сүрөт интернетте талкууга алынып, актёр колуна нике күбөлүгүн кармап турганын, ал жашыруун үйлөнүп алгандыгы айтылган.

Интернет колдонуучулар Тауекел Мусилимдин жубайы Караганда облусунун 24 жаштагы Махаббат Туктубаева аттуу тургуну экендигин айтышууда. Бирок актёр бул сүрөт боюнча эч кандай комментарий берген эмес.

Кечээ, 24-ноябрда көз күйдүргөн бойдок социалдык тармактагы баракчасына ак жоолук салынган бийкечтин сүрөтүн жарыялап, "көрүндүк даярдай бериңиздер" деген билдирүүсүн жазды.

Актёр эки сүрөт жарыялап, экинчи сүрөткө апасынан жана туугандардын аксакалдарынан бата алганын жазган. Ал эми бүгүн, 25-ноябрда Тауекел Мусилим айтылып жаткан кептерге жооп кылып билдирүү жарыялады. "Кудайга шүгүр, махабатым жүрөгүмдө. Кечээ туугандарга жолугуп, бет ачар кылдык. Үйлөнүү той кийинки жылы болот. Жакындарымдын эч кимисин унуткан жокмун, кабатырланбаңыздар. Куттуктоолоруңуздарга жана каалоо-тилектериңиздерге рахмат", - деген ал.

Ал эми Махаббат Туктубаева Инстаграмдагы баракчасына сөйкө салуу учурундагы андан кийин жоолук салынган, актёр менен колтукташкан сүрөттөрүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан