Москва шаарында көчө шыпырган жумушчулар арасында массалык мушташ орун алды

Кечээ, 24-ноябрда Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде короо шыпырган жумушчулар арасында массалык мушташ орун алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Ага ылайык, мушташка ондон ашык адам катышкандыгы айтылды. Мушташ видео байкоого түшүп калган.

"Видеодон көрүнүп тургандай, айрым жумушчулар күрөк, темир ломдор менен куралданган. Алар бири-бирине баш аламан соккуларды узатып, мушташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жумушчулар "Жилищник" деп аталган коммуналдык кызматтын кызматкерлери болгон, постсоветтик өлкөлөрдөн келген жарандар. Окуя болгон жерге полиция кызматы келген маалда мушташка катышкандардын бир бөлүгү качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда бул факт боюнча 10 адам кармалып, сурак берүүдө. Мушташтын келип чыгуу себептери такталып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Окуяда жабыркагандар болгон эмес. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги SUPER.KG порталына аталган мушташка катышкандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жок болгонун тактап жатышкандыктарын айтты.

Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде көчө шыпырган жумушчулар ортосунда массалык мушташ орун алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Janybekleilekkg
2019-11-25 17:52:27
Орусиядагы элчиликте иштегендерди кундо эрте менен супер инфо чалып ойготот
+11
Wibee
2019-11-25 19:27:34
Аа бечаара дворник аа бечаара дворник кембагал кембагалдай эле жүрөт көчүктү кысып
0
JaneEr
2019-11-25 20:04:14
Футбол ойноп ошонун разборкасы.Арасынан 5 адам гр КР кармалды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан