Ошто "Таухид валь Жихад" уюмунун мүчөсү кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда Сирия мамлекетинде болуп жаткан окуяларга катыштыгы бар “Таухид валь Жихад" уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы 21-сентябрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, Абдулло аттуу жаран интернет тармактары аркылуу диний-экстремисттик жана террорчулук уюмдарга таандык болгон материалдарды мыйзамсыз таркатып жүргөндүгү туурасында маалымат алынган.

"Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Абдулло аттуу жарандын аты-жөнү такталып, ал Ош облусунун Кара-Суу районунун 1987-жылы туулган А.К. экени аныкталган. Ал апрель айынан бери “Таухид валь Жихад” эл аралык террордук уюмунун катарына кошулган. Учурда териштирүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Rusi79
2019-11-25 23:33:41
Кайда баратабыз деги,ичибизди ириткет мите курттардан кантип арылабыз.
+4
Wibee
2019-11-25 23:40:57
Ө Туугандардан окшойт
+6
pochtalyonin
2019-11-26 01:40:36
Wibee, өө десең )))))
+2
isarti
2019-11-26 06:58:24
Wibee,бул уйгур
+2
elchi84
2019-11-26 00:17:59
Жон эле журушпөйт экен да булар.
+3
Kairat1996
2019-11-26 04:04:18
Ислам диний фанатизмди токтолук. Дин - бул жан дүйнөнүн жин оорусубу.
+3
Globalnews
2019-11-26 12:45:08
Билимсиздик, ан сезимдин томондугу анан бекерчилик менен безответственность ушундай карангы иштерге алып барып жатат, балдарды кичинесинен мээсин жууп медресеге бербей мектепке, ар турдуу курстарга берип билимдуу кылып чонойтсо, ушундай ишке бар десе дагы барбайт, адам билимдин арты менен ак менен караны ажыратып туура анализ кылат, ушундай карангылар 21 кылымда дуйнону бузуп тажатышты. ислам десе эле киши олтуруп бомба жардырыш эмес да ай карангылар тажаткан!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан