UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Тони Фергюсон менен 2020-жылы 18-апрелде кезигери маалым болду. UFC президенти Дана Уайт Бруклиндеги беттешти PPV-турниринин эң негизги окуясы болорун айтты.
Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз өзүнүн социалдык баракчасына «Чемпион Тони Фергюсон менен беттешке келишим түздү. Бүркүт 18-апрелде дагы бир жолу Бруклинге конот. Бул күйөрмандар үчүн", - деген билдирүү калтырган.
Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши буга чейин ар кандай себептер менен 4 жолу ишке ашпай калган.