Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Парижде сүрөт көргөзмөсүн көрсөтүүдө. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
"Жашоо - укмуш. Мен үчүн күз оор болду. Бир учурда баары бүткөндөй сезилген. Эч нерсени көргүм келбей, жашоо менен коштошуу тууралуу ойлоп калгам. Үйдө, автобуста, жадагалса жаңы керебеттен ойгонсом деле жан дүйнөм өлгөнүн ачык сезип турдум. Болгону денени өлтүрүү эле калган. Мурун мен төрөт эң оор, андан оор нерсе болбойт деп ойлочумун. Адашыпмын.
Кийинчерээк жашагым келип баштады. Ал эми өлүм тууралуу ойлор чынында жан дүйнөмдөгү оор абалдан кутулуунун айласы экен. Тамак жасап жатып, үйдү жыйнаганда, балдар менен ойноп жатканда же бир жакка сапар тартканда аң-сезимге багынбай, өзүмдү алаксытканга аракет кылдым. Калыбыма келгенде, Париждеги сүрөт көргөзмөсүнө даяр болуп калыпмын. Айланамдагылардын баары мени туура жолдо баратасың дешти.
Жашоомдогу кара жол бүттү. Азыр "кандай гана нерсе болбосун, жакшылыкка" деген сөздүн маңызына жетип жатам. Азыр ошол нерсенин баары бекер болбогонун түшүнүп жатам.
Экспозицияда кайсы бир учурдагы сезим, окуяны берген эмгектер көрсөтүлгөн. Ар кандай маанайда, ар кандай техника менен тартылган. Бирок баарында бир - өзүңө-өзүң чынчыл болуунун маанилүүлүгү тууралуу ой берилген", - деген билдирүү калтырган.
Маалыматка ылайык, Парижде орун алган сүрөт көргөзмөсү 23-ноябрда ачылган.
⠀
⠀