Касым-Жомарт Токаевди "Манас" аэропортунан Сооронбай Жээнбеков тосуп алды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз жергесине мамлекеттик иш сапары менен келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик иш сапардын алкагында, Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт жана анын жыйынтыгында, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Иш сапардын алкагында, эки өлкөнүн башчылары "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекте боло турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан