Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактын активдүү колдонуучусу кармалганын УКМК билдирген. Кармалган жаран БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди. Билдирүүдө ал жекшемби күнү кармалганы айтылат.
БеспределKG баракчасына Фейсбук социалдык тармагында 109 миң колдонуучу жазылган.
Маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматкери тастыктап, анын баш коргоо чарасы кечээ, 26-ноябрь күнү каралганын билдирди.
"Жоробеков 2020-жылдын 24-январына чейин камакта калтырылды" деди ал.