Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Рустам Жокоевдин бөгөт чарасы каралып, 9-июлга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Биринчи Май райондук соту 2024-жылы Рустам Жокоевди 26-сентябрдан 27-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча шектелип кармалган. Кийин сот аны тергөө аяктаганга чейин камакка алып, мөөнөт узартылып келген.
Эске салсак, Жокоев 2021-жылы сентябрь айында "Унаа" мамлекеттик мекемесине директор болуп дайындалган. Былтыр март айында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары кызматына бекитилген. Буга улай эле президенттин басма сөз кызматы ага аталган агенттиктин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөнүн маалымдаган.