"Москвага Кыргыз өлкөсүнөн барган 22 жаштагы келин жаңы төрөлгөн баласын 150 миң рублга үй-бүлөлүк түгөйлөргө берип, бирок кайра полицияга "баламды уурдап кетишти деп кайрылган", - деп жазышууда орусиялык басылмалар өздүк булактарынын билдирүүсүнө таянып.
Анда жазылгандай, 22 жаштагы келин 35 жаштагы Галина жана 34 жаштагы Эрмек аттуу жубайлар менен 2018-жылы интернет аркылуу таанышкан. Ушул жылдын август айында анын толгоосу башталып, Галинага чалган.
"Түгөйлөр келинди төрөт үйүнө жеткиришкен. Бирок жаңы төрөгөн энеге төрөт үйүндө 2 жумага дарыланууга туура келген. Ошол учурда ал өз каалоосу менен баланы Галина менен Эрмекке берген. Ооруканадан чыккандан кийин келин түгөйлөргө кайрылып, баласын кайтарып берүүнү айткан. Бирок Галина бала алардын фамилиясын алганын билдирип, "сен аны бага албайсың" деген жүйөнү айткан", - деп жазылат маалыматта.
Кийин текшерүү иштеринде келин баланы бакпай турганын алдын ала эле пландап, түгөйлөргө аны сатуу боюнча сүйлөшкөн, алар ага 150 миң рубль акча беришкендиги айтылган. Бала сатуу-сатып алуу боюнча жогорудагы 3 адам тең кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.