"Кумтөр" кенинде иштеген 2 адам бүгүн таңдан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталы компаниянын маалымат катчысы Марина Гавриловага кайрылганда белгилүү болду.
"Бүгүн эртең менен саат 6га жакын кендин жумушчу аймактарынын биринде көчкү катталды. Анын кесепетинен алдын ала алынган маалыматтар боюнча 2 кызматкер дайынсыз болууда. Учурда аларды издөө иштери жүрүүдө. Окуя боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кабар берилди. Кошумча маалыматтар берилет", - деди Гаврилова.