Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-декабрь күнү саат 09:32де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан таратты.

Анда айтылгандай, жер титирөө Аксы районунун Райкөмөл, Кечүү айылдарында 3 балл, Ит-Сай, Кызыл-Бел, Ак-Жол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан