Өткөн жылы денесинин 60 пайызы күйүп калган Арууке эсиңиздеби? Эми ага гепатит С илдети жугуп калды

Өткөн жылдын февраль айында SUPER.KG порталына төрткө чыга элек Арууке тууралуу жазылган. Анын үстүнө кайнак суу төгүлүп кетип, денесинин 60 пайызы күйүп калган болчу. Арууке Бишкектеги 4-клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө жаткырылып, дарыланган.

Биз анын бүгүнкү күндөгү абалын сурап, эжеси Гүлбарчын Карабаева менен байланыштык. Анын айтымында, Арууке күйүктүн жан кыйнаган оорусунан арылган. Бирок анын кесепетин кетирүү үчүн дагы көп күч, чыдамкайлык керек.

"Учурда күйгөн жерлери катып калды. Мурдагыдай оору жок, бирок териси кычышып кыйнайт. Мындан тышкары, колтугундагы тери колуна кошо бүтүп калган. Азыр колун өйдө көтөрө албайт. Бою да өспөй жатат. Буга байланыштуу колтуктан колго жабышып калган терини кесип, операция жасатуу керек эле. Бирок ал гепатит С оорусуна кабылыптыр. Буга чейин күйүккө карата 5 жолу операция жасалган. Кайсы учурда жукканын билбейбиз. Операция учурунда жуккан деп да айта албайбыз, кайра эле дарыгерлерге күнүбүз түшөт. Аларга жаман көрүнгүбүз келген жок. Кыздан гепатит С табылгандан кийин дарыгерлер операция жасоого болбойт дешти. Андыктан эми ага абдан жакшы кароо керек, кандагы гемоглобинин көтөрүү зарыл", - деди ал.

Ал белгилегендей, Аруукенин үй-бүлөсү учурда Жалал-Абад облусунда жашайт.

"Аруукенин ата-энеси эгиз балалуу болушкан. Үй-бүлөдө атасы эле иштейт. Аруукени оорудан арылтуу үчүн Бишкекке көчүп келсек деген тилектери бар. Себеби Бишкекте дарыгерлерге көрсөтүп, кызына жардам берүүгө көбүрөөк шарттар бар", - деди Карабаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Benazir08
2019-12-03 10:13:18
Ий жаным десе чырактай кыз экен кааап
+7
Alia82
2019-12-03 10:14:09
Кудайым шыпаасын берип айыгып, омуру узуун, бактылуу кыз болуп чонойсун
+11
Alia82
2019-12-03 10:19:09
Гепатиттин кайсы туру билбедим бирок ошол гепатитти эшектин сутун ичип айыгып кеткендерди уккан элем жакын эле адамдардан, тууган эшек сатып алып эле жакшылап багып, сутун ичирип корсонор, суруп узагыраак
+8
toktor89
2019-12-03 11:04:54
Alia82,
Арамдан шифаа издебегиле..
Азыр жакшы акыры жаман болот
-5
katerina.li
2019-12-03 12:57:27
toktor89,шифаа эмес,кыргызча шыпаа. Эл орусча суйлосо,ой кыргызча суйло деп акыл айтасынар. Ощунордун тилинер буруу.
+4
katerina.li
2019-12-03 20:53:50
toktor89,жанын козуно корунгондо,пок жесен айгасын десе покту да жейсин. Кудай сактасын оорудан
0
Muslim.azamatovich
2019-12-03 10:19:10
Наристени Аллахым озу колдоп,жардамын берип сакайып кетсин,мындан ары оорубасын!
+8
bema_bema
2019-12-03 10:47:44
Иий жаным десе ушул кичинекей периштелер оорубаса экен жаман журогум ооруду суротун коруп
+8
toktor89
2019-12-03 11:05:34
Аллахм шифаа берсин тез сакайып кетсин
-3
katerina.li
2019-12-03 12:57:35
toktor89,шыпаа.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан