Коомдук ишмер, жеке ишкер Айжан Чыныбаева Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин айланасында болгон чыр тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
"Урматтуу Азамат Капарович, активдүү мамлекеттик маданий, саясат, анын ичинде Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин ишин жүргүзгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Заманбап искусствону колдоп, искусство аркылуу маанилүү социалдык маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиз үчүн өзгөчө ыраазычылык!
"Feminnale" жыл сайын БУУнун зордук-зомбулукка каршы уюштурулган 16 күндүк иш-чарасынын алкагында өткөрүлүп келет. Көргөзмө 2016-жылы Москвада типографияда тирүүлөй күйүп кеткен 17 мигрант кыз-келинге багышталып, 22 өлкөнүн авторун бириктирген. Аталган иш-чара өлкөбүздүн музей ишмердүүлүгүндөгү маанилүү окуя болду. Көргөзмө Кыргыз өлкөсүндөгу аялзатына болгон зордук-зомбулук, кыздардын тагдырын талкалаган ала качуу, аялдардын корголбогону жана экономикалык жактан тең укукка ээ болбогондугу тууралуу окуяларды эске салат.
Көргөзмө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук темасында ойлонууга түрткү берди. Андан соң өлкөдө патриархаттык түшүнүктү сактап калалы деген "ура-патриоттор" да чыгышты. Ушул күчтөрдүн кысымынын натыйжасында, абалды курчутпаш үчүн музейдин директору Мира Жангарачева жумуштан кетүү тууралуу арызын жазды. Ал иштеп турганда музей шаардыктар үчүн гана эмес, борборубуздун коноктору үчүн да маданияттын ордосуна айланган. Бул окуя бийликтин алсыздыгын билдирет. Көргөзмөнү токтотпой, өз убагында бүтүргөнгө жана Жангарачеванын жумуштан кетүү тууралуу арызын четке кагууңузду суранабыз!", - деп жазылат кайрылууда.
Буга чейин социалдык тармактарга Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде өтүп жаткан сүрөт көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып жүрүштү деген видео тарап, көпчүлүктүн нааразычылыгын пайда кылган.