Токмокто 62 жаштагы эркек киши аялын бычак менен сайып салган деп шектелип кармалды

Чүйдүн Токмок шаарында 62 жаштагы эркек киши аялын бычак менен сайып салган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Окуя 29-ноябрь күнү Токмок шаарындагы медициналык борборлордун биринде катталган.

Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү келген. Анда аял киши бычактан жаракат алып түшкөнү айтылган. Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, окуяны такташкан.

"Күйөөсү менен аялынын ортосунда уруш чыккан. Анда күйөөсү аялын бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу 57 жаштагы Ш.Г. аймактык ооруканага жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иштеринде шектүү катары 62 жаштагы Ш.А. аттуу жаран кармалган. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
interpol
2019-12-02 19:06:17
Аялын бычак менен сайып салбай башка нерсе менен сайып салбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан