Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин жетекчиси Мира Жангарачева өзүнүн кызматтан кетүүсү боюнча комментарий берди. Ал жетекчилик кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын музейдин жана ал жерде иштеген кызматкерлердин кызыкчылыгын ойлогондугу менен түшүндүрдү.
"Коркутуулар болуп жатат. Бул тууралуу социалдык тармактардан дагы окусаңар болот. Жеке мага өлтүрүп кетебиз, атабыз, асабыз дегендер дагы болууда", - деди Жангарачева.
Мира Жангарачева талкуу жараткан көргөзмөдө кыздардын жылаңачтанып турганы боюнча кабары жок болгонун билдирди. Ал жумуштан кеткенин өзүнүн тыянагы боюнча туура чечим деп баалап, күнөөлүү эмес экенин айтты.
Андан ары социалдык тармактагы баракчасы аркылуу көпчүлүк анын кызматтан кеткени боюнча чыныгы себепти жазбай жатышканын жазды.
"Музейде Feminalle уюштурган көргөзмөгө байланыштуу "Кырк-Чоро" тобунун башкарылгыс агартууга душмандыгы, улутчул күчтөрдүн агрессивдүү реакциясынан улам өз ыктыярым менен арыз жаздым. Көргөзмөнү уюштуруу боюнча жеке мага жана кызматкерлерге карата коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам ушундай кадамга бардым. Эч качан музейге буту басып барбаган адамдардын демилгелеп чыгышканы өкүнүчтүү. Мени алышты, кезекте ким... Кимдир бирөө элдин көңүлүн башкага бургусу келди жана ал ою оңунан чыкты", - деп жазды Жангарачева.