Катманду, Тегеран, Мумбаи. Бул шаарлар менен борборубуз Бишкекти эмне бириктирет? Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарына кирди

Күркүрөп иштеген завод-фабрикалары жок, бирок Бишкек дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын катарына кирди. Мындай абал өзгөчө суук түшүп, үйлөрдү жылытуу сезону башталганда байкалды. Абанын кирдешине чалды-куйду курулган курулуштар, саны көп эски унаалар, сапатсыз күйүүчү май жана чүпүрөк-чапырак жагылган мончолордун көптүгү да себепкер болушу мүмкүн. Кир аба дем алуу, өпкө ооруларын көбөйтүп, ден соолук жабыр тартат. Мындан улам мэрия шаар тургундарына маска тагынууну сунуш кылды.

Бишкектин жашоочулары да абанын булганышынан улам ден соолугунан кооптонуп жатышканын айтышат. Мындан тышкары, айдоочулар эртең менен, кечинде коюу түтүндө алыс аралык көрүнбөй, жолдо ыңгайсыздыктар жаралып жатканына токтолушту.

"Мага абанын булганганы сезилди. Эшик терезени ача албай калдык. Аба кир", - деди шаар тургуну.

Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутат Абдывахап Нурбаев Бишкек дүйнөдөгү абасы эң кир шаарга айланганын айтты. Ал өкмөт башчыдан тез арада абанын булганыч болуп жатышын жөнгө салууга кандай чаралар көрүлөрүн сурады.

"Тез арада чечүүгө мүмкүнчүлүк жок. Аны биз ачык эле айтышыбыз керек. Себеби отунду жарандарыбыз ар кандай жагып жатат. Бири чүпүрөк, бири дөңгөлөк бири көмүр дегендей. Ошондой эле эскирген унааларыбыз, жолго чачылган кум да таасир берүүдө. Биз бул маселени чечүү үчүн электро мобилге өтүшүүбүз керек", - деди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Катманду, Тегеран, Мумбаи. Бул шаарлар менен борборубуз Бишкекти эмне бириктирет? Кир аба. Себеби булар да дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлар деп таанылды. Айрым маалыматтар боюнча, жылына Иранда булганган абанын кесепетинен 30 миңдей адам көз жумат. Бишкекте болсо көп жылдан бери көңүл бурулбай келген көйгөйлөр көбөйүп, ушул көрүнүшкө жеттик. Арты кесепеттүү болгон мына ушул көрүнүштөр эми көмүскөдө калбаса деген тилек.

Бишкек дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын катарына кирди. Буга өкмөттүн жообу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
titanik32
2019-12-02 17:06:11
Мен билем кантип Бишкектин үстүндөкү түтүндү жоготуу ыкмасын.Бишкектин үстүндөкү түтүндү айдап кетирүү үчүн шаардын эки четине 6 дан 12 эң чоң вентилятор орнотуу керек.Аз маз шамалдын багытын карап туруп,шамалга карама каршы эмес,шамалдын багытын көздөй вентиляторлорду иштетүү керек.Ошондо ошол вентиляторлор аз аздан түтүндү шаардан сырткары айдайт.Антбесе шамал кылбаса түтүн үйүлө берет шаарга.
-3
Alixan-Nookat.2015
2019-12-02 20:53:46
Эх өкүнүчтүү мурда жашыл шаар, абасы, суусу таза шаар болчу
+5
adiaza
2019-12-03 08:14:22
1.Бишкектеги частный баняларды жабыш керек, кебир банялар этаждардын короосуна салып алган или электрический котёл кылдыртыш керек.
2.Бишкектеги эски баардык бустарды ( сапог ) жана эски дизель машиналарды атайын аппарат менен текшерип чыгыш керек аябай тутун чыгаргандарды запрет кылыш керек.
3.Мини завод, частный заводтордун текшерууго алыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан