Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр" кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу атайын штаб түзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кендеги кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча түзүлгөн штабга өлкөнүн тармактык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирди.
"Кумтөр" ишканасынын табылбай жаткан эки кызматкерин издөө-куткаруу боюнча кендеги адистер менен биргеликте иш жүрүүдө. Ага ӨКМдан 64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу, жалпысынан 92 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар түнү да издөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
1-декабрда эртең менен "Кумтөрдүн" эки кызматкери - бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер "Кумтөрдөгү" жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн.