Баткендин Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында бодо мал уурдаган деген шек менен 3 эркек, 1 айым кармалды. Алар уурдалган малды союп, этин сатып жүргөнүн Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык ушул жылдын июнь айынан бери Үч-Коргон аймагында жашаган жашоочулардын бодо малдары түн ичинде мал сарайынан, үлүш жеринде байланып турган жеринен уурдалып жүргөндүгү тууралуу жашоочулардан арыздар келип түшкөн.
"Кадамжай РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы П.К. аттуу тургунун, Ноокат районунун И.Ш. аттуу 31 жаштагы (аял киши) тургунун, Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы А.Н. аттуу тургунун Кызыл-Кыя шаарынан кармашкан. Ал эми 27 жаштагы Н.О. аттуу Үч-Коргон айылынын тургуну Бишкек шаарынан кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандар Үч-Коргон айыл аймагынан жалпысынан 10 баш бодо малды уурдап, Кызыл-Кыя шаарындагы ээн талаага алып барышып аларды союп, этин дүкөндөргө, ашканаларга өткөрүп жүрүшкөндүгү аныкталды. Азыркы күндө жогоруда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат", - деди маалымат кызматынан.