Бишкекте мурда соттолгон 30 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды

Бишкекте мурда соттолгон 30 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды. Шектүү бул ирет турак үйлөрдүн бирине кирип, зер буюм уурдаган дейт Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан.

Белгилүү болгондой, 22-ноябрда Биринчи Май районуна шаар тургуну Т.В. арыз менен кайрылган. Жабырлануучу 19-ноябрда саат 19:30 чамасында үйүнө уурулукка кирген белгисиз жаранга карата чара көрүүнү суранган.

"Кылмышка шектүү үйдөн зер буюмду алып чыккан. Анын баасы 25 миң сомду түзөт. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам тергөөнүн алкагында кылмышка шектелип 1989-жылы туулган А.З. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү мурда дагы соттолгону аныкталган. Биринчи Май райондук соту тарабынан кармалган жаранга карата өлкө аймагынан чыкпоо чечими чыккан", - деп кабарлады маалымат кызматынан.

Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо максатында кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан