КҮНСОБОЛ: Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарылдыгын айтып чыкты. Аталган кызматты президенттин карамагынан өкмөткө өткөрүп берүү керекпи?

Бүгүн, 3-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу керектигин билдирди. Буга чейин дагы ушундай эле демилгени жарандык активисттер айтып келишкен.

SUPER.KG порталы "Текебаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарылдыгын айтып чыкты. Аталган кызматты президенттин карамагынан өкмөткө өткөрүп берүү керекпи?" деген собол салды.

ОШУРАХУНОВА: "Бул сунушту колдойм"

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу керек деген пикирде. "Бул сунуш туура, колдойм. Анткени коррупцияга каршы күрөшүү бул деген жабык органдын колунда болбошу керек. УКМК өзү жабык болуп жатса, эч кандай маалымат бербесе, коррупцияга каршы кантип күрөшөрү түшүнүксүз. Азыр Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы саясий оппоненттерди, бийликти сындаган жарандык активисттерди куугунтукка алган органга айланды. Матраимовдор боюнча чоң чыр-чатактар болуп жатканда аталган кызматтын үнү да чыккан жок. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы УКМКнын алдында болгону Конституцияга каршы келет. Бул жагдайды Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда да айтып чыкканбыз. Аталган кызмат өкмөттүн алдында түзүлүп, ачык болушу зарыл. Ал жерге репутациясы таза адамдар иштеши керек", - дейт Динара Ошурахунова.

АСАНОВ: "Бүгүнкү күндө Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын өкмөттүн карамагына өткөрүп берүүгө болбойт"

Саясатчы Бектур Асанов бүгүнкү күндө Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын өкмөттүн карамагына өткөрүп берүүгө болбойт деген пикирде.

"Менин оюмча, өкмөттүн абалы мындай болуп турганда, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын өкмөткө өткөрүүнүн кереги жок. Эгерде парламент, өкмөт көз карандысыз болсо, анда өткөрүп берсе болот эле. Бүгүнкү күндө аталган кызмат президенттин карамагында эле болгону туура. Келечекте парламенттик систем толук иштеп кетип, парламент мамлекетти башкарууну колго алса, ошондо Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын өкмөткө өткөрүп берсе болот", - дейт Бектур Асанов.

СООРОНКУЛОВА: "Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өз алдынча, көз карандысыз орган болушу керек"

Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова аталган кызмат президенттин буйругу менен түзүлгөн. "Мурунку Конституция боюнча президенттин мамлекеттик органдарды түзүүгө 2010-жылга чейин ыйгарым укугу болгон. 2010-жылдан бери президенттин андай укугу жок. Андыктан УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башынан эле мыйзамсыз орган болуп калган. Аталган кызматты мыйзамдаштыруу зарыл. Коррупция чоң көйгөй болуп жаткандан кийин, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы көз карандысыз орган болушу шарт. УКМК коопсуздук маселе менен алектенгендин ордуна көбүнчө коррупцияга киришип кетип жатат", - дейт Сооронкулова.

МЕДЕТБЕКОВ: "Бүгүнкү күндө Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өзүнүн орчундуу иштерин жасап жатат"

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков аталган кызматтын кыймыл аракети замандын талабына ылайык болуп жатат деген ойдо.

"Бүгүнкү күндө Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өзүнүн орчундуу иштерин жасап жатат. Аталган кызматтын жасаган иштери, кыймыл-аракети замандын талабына ылайык болуп турат. Себеп дегенде Кыргыз мамлекетинде коррупциялык системдер менен күрөшүү кыйын болуп турган заман. Ошого карабастан Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башка кызматтар менен дагы биргелешип, кызматташып иштерди жасап жатат. Келечекте аталган кызматты УКМКдан бөлүп, өзүнчө өкмөт алдында кызмат жасаганга бардык даярдыктарды жасаш керек", - дейт Медетбеков.

ДҮЙШӨБАЕВ: "Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы президенттердин колундагы куралга айланып калды"

УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү туура экенин айтты. "Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы түзүлгөндөн бери кандай иштеп жатканын көрсөтпөдүбү. Коррупцияга каршы күрөшө турган орган, президенттердин колундагы куралга айланып калды. Парламенттик систем орнотула турган болсо, бийлик Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн колунда болушу керек. Аталган кызмат өкмөттүн карамагында болушу туура", - дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.

ТУРДУКУЛОВ: "Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы УКМКнын курамынан чыгарылышы керек"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов бул сунушту колдой турганын айтты.

"Формалдуу түрдө УКМК өкмөттүн курамына кирет. Бирок УКМК президенттин кол астында иштейт. Мындан улам бул орган саясий курал деп аталып калган. УКМК биринчи кезекте улуттук коопсуздукка көңүл буруп, экстремизмге каршы, тышкы күчтөрдүн чалгындоолоруна каршы иштеши керек деп айтып келгенбиз. Ал эми иликтөө функциялары прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Финполго берилиши керек. Башында эле Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы УКМКнын курамына киргени туура эмес болгон. Ошондон улам коррупцияга каршы күрөшү чар-жайыт болуп, аша чапкандык менен өз кызматын аткарып жаткан фактылар дагы көп жолу аныкталган. Коррупцияга каршы күрөшө турган органдар өздөрү коррупцияга белчесинен баткан. Бул кызмат УКМКнын курамынан чыгарылышы керек", - дейт Турдукулов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан