20-октябрда Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканага бычакталган киши түшкөнү тууралуу маалымат келген. Ыкчам иликтөө тобу барып жабырлануучунун өздүгүн аныкташкан. 29 жаштагы К.О. ич тушуна бычак тийгенден тышкары баш мээси чайкалып, денесине залал келтирилген абалда болгон. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "ден соолукка оор зыян келтирүү" (138) беренеси менен катталды. Иликтөөнүн жыйынтыгында К.О. таанышы менен уруша кетип бычак жегени аныкталган. Кылмышка шектүү 21 жаштагы Т.М. кармалып, СИЗОго киргизилген.