Ош облусунун Ноокат районунда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн инспектору 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлаган. Сурак учурунда инспектордун абалы начарлап "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.
"Кызматкердин абалы кечээ, 3-декабрда сурак учурунда начарлап "Тез жардам" кызматы менен Оштогу ооруканалардын бирине жеткирилген. Ал кайсы ооруканада дарыланып жатканы тууралуу маалыматыбыз жок", - деп билдирет басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев.