Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева саясатчы Өмүрбек Текебаевдин китебинин ачылыш аземинде сөз сүйлөп, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынышы боюнча пикирин айтты. Ал "шаардын жарымы айылдыктар, бирок биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз" деп билдирди. Анын бул сөзү коомчулукта кызуу талкууланып, айрымдары Отунбаеваны сындап жатышса, кээ бирлери коргоп жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы Отунбаева "Бишкек шаарынын жарымы айылдыктар, бирок биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз" деди. Тилинен жаңылдыбы же айткан сөзү орундуубу?" деген собол салды.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Отунбаеванын сөзү орундуу деген пикирде.
"Роза Исаковна тилинен деле жаңылган жок. Анын сөзү орундуу эле. Башкача түшүндүрүп айтса болмок. Бирок ар ким өзүнүн тилине, пикирине жараша айтат да. Менин капа болгонум лидер, дүйнөлүк масштабдагы саясатчы Отунбаеваны сыйлай албай, болбогон тема үчүн талкуулаган туура эмес. Анын айта турган сөзүнүн төркүнүнүн мааниси түшүнүктүү эле. Баарыбыз эле айылдыкпыз. Ал "айылдан келгендер искусствону жеткиликтүү түшүнбөй жатабыз, маани бербей жатабыз" деген мааниде айтты. Айылдыктар деп айткандан чычалабаш керек. Лидер эжебизди сөздүн төркүнүн түшүнбөй туруп тепкилегенибиз туура эмес", - дейт Токтонасыров.