Жасалма номерлүү бир канча унаа менен жүргөн айдоочу Мамкаттоонун жетекчиси болушу мүмкүн деген сүрөт тарады. Буга Мамкаттоо жооп берди

Интернетте 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланды. Ал унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууланып жатат.

"Carcheck" маалымат базасынан бул мамлекеттик номердеги унаа боюнча маалымат чыккан жок.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы бул боюнча жооп берди: "Аталган унаада Алмаз Мамбетов эмес. Ал бул интернетке тараган сүрөттөргө өзү таң калып жатат. Анын унаасынын номери мындай эмес экендигин айта алам. Аталган унаа боюнча "Carcheck" базасында да маалымат чыкпай жатат. Албетте, жасалма номер менен жүргөн унааларга каршы күрөшүү керек. Жакында эле Ички иштер министрлиги айып пулду көтөрүү боюнча маселе козгободубу", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан